«Балага сүйүнчү»: Кыргызстанда төлөмдү алуу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаКыргызстан менен Монголия жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмөлөрдү жеткирүүнү талкуулаштыКыргызстанда айрым полимердик пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат«Кыялым орундалды»: Айсулуу Тыныбекова «Полчанки 2» тасмасындагы ролу тууралууБишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирдиЧет өлкөдө берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк «Санарип документтер» бөлүмүндө пайда болот
Токмокто дүкөндөрдү тоноп жүргөн жигиттер кармалды
15.09.2025 | 15:27

Токмок шаарында дүкөндөргө кирип, уурулук кылып жүргөн деген шек менен үч жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шаардык милицияга бир нече дүкөндүн ээлери кайрылып, белгисиз адамдар дүкөндөрдүн эшигин бузуп кирип, спирт ичимдиктерин жана азык-түлүктөрдү уурдап кетишкендигин билдирип, чара көрүүнү суранышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 19 жаштардагы А.А. жана Б.М., ошондой эле 18 жаштагы Л.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилишкен.
Тергөөдө аталган шектүүлөр 5 уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталып, тиешелүү далилдер алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар