Ашууларда кар жаап, чектөөлөр күчүндөАрал-Казарман унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабыкИИМ Курсан Асанов менен Аалы Карашевди массалык башаламандыктар беренеси менен кармады12-февралга карата аба ырайыКурсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келиндиОштун мэри Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөнүн айтып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирди
Кызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалды
15.09.2025 | 16:40

Кызыл-Кыяда автоунаа сатып алып, акчасын толук төлөбөй качып кеткен 30 жаштагы Баткен районунун тургуну Бишкек шаарында кармалды. Бул боюнча Баткен ОИИБден билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2025-жылдын апрель айында «Таштемир ажы» базарында Араван районунун тургунунун унаасын алган соң, акчаны бербей из жашырган. Шектүү Кызыл-Кыяга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.