Садыр Жапаров АӨКЧМдин жетинчи саммитине катышуу үчүн Бакуга бардыБишкекте швейцариялык «La Landwehr de Fribourg» оркестринин музыкалык парады өтөт«Манас» аэропортунун аймагында ири экспо-борбор курулатСтамбулду катуу нөшөрдөн кийин суу каптады: эки адам каза болуп, мектептер жабылдыКМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйынында Кыргызстан менен Россия 2027-жылга карата планды бекитиштиКыргыз профессионал театрына 100 жыл: Бишкекте республикалык театр фестивалы өтөт
Кызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалды
15.09.2025 | 16:40

Кызыл-Кыяда автоунаа сатып алып, акчасын толук төлөбөй качып кеткен 30 жаштагы Баткен районунун тургуну Бишкек шаарында кармалды. Бул боюнча Баткен ОИИБден билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2025-жылдын апрель айында «Таштемир ажы» базарында Араван районунун тургунунун унаасын алган соң, акчаны бербей из жашырган. Шектүү Кызыл-Кыяга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.