Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Балыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылды
15.09.2025 | 16:20

Балыкчы шаарындагы жалпы аянты 6 миң 847 чарчы метрди түзгөн мал базар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, текшерүүнүн жүрүшүндө шаар аймагында мал базар жайгашкан жер тилке жеке менчикке мыйзамсыз мыйзамсыз берилгени аныкталган.
“Жогоруда аталган объект муниципалитеттин менчигинен чыгарылып, Балыкчы шаардык администрациясы тарабынан мыйзам ченемдерин бузуу менен, 2000-жылдагы токтомдун негизинде жол-жоболоштурулгандыгы такталган”,- деп билдирди атайын кызмат.
Тергөөнүн жыйынтыгында аталган жер тилке мамлекеттик менчикке кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар