УКМКнын ДНК-лабораториясы бир жыл ичинде 40ка жакын экспертиза жүргүзгөнMKassa жаңы кардарлар үчүн «Үч миллионго нөл» акциясын ишке киргиздиКыргызстанга электрондук тамекилерди ташып келүүгө тыюу салуу дагы жарым жылга узартылатКыргызстандык опера ырчысы Эльнура Муктарбек Москвада эл аралык Bravo сыйлыгына ээ болдуБишкекте 2 млн бир жылдык гүл отургузуу иштери башталдыКаржы министрлиги «Электрондук аудитке» өттү: текшерүүлөр аралыктан жана автоматтык түрдө жүргүзүлөт
Бишкекте 700 SIM-карта менен кибер алдамчылыкка шектелген жигит кармалды
16.09.2025 | 11:25

ИИМдин маалыматына ылайык, милиция кибершылуундукка бөгөт коюу боюнча жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө 2002-жылы туулган жаран колго түштү.
27–28-август күндөрү ал жана анын өнөктөштөрү өздөрүн Улуттук банктын жана УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырып, 1958-жылы туулган жаранды алдап, 600 миң сомун ээлеп алышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен иш козголду.
Текшерүүдө шектүүнүн жанынан Кыргызстандын уюлдук операторлоруна таандык 700 активдештирилген SIM-карта табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча ал кылмыштуу топто “активатор” ролун аткарып, SIM-карталарды каттап, WhatsApp номерлерине байлап, кийинчерээк башка адамдарга саткан.

Соттун чечими менен шектүү камакка алынып, иликтөө иштери уланууда.