Пикирлер» системасы: Эми жарандар аткаминерлерге түз арыздана алышат

17.09.2025 | 09:33

Президенттин Администрациясынын кеңейтилген аппараттык жыйынында мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандар менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн ачыктыгын камсыздоого багытталган «Пикирлер» маалыматтык системасы сунушталды.

Жаңы санариптик платформа төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоо жана сунуш киргизүү;
  • мамлекеттик органдардын ишиндеги бузуу же кыйынчылыктар тууралуу жарандардын ыкчам маалымдоосу;
  • мамлекеттик органдардын көйгөйлөрдү тез аныктап, чара көрүүсү.

Президенттин Администрациясы бул система аркылуу мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзөт.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жарандардын платформадан калтырган пикирлеринин өз убагында каралышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Эгер кайрылуулар көңүл сыртында калса, тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.

Ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерине жарандарга ыңгайлуу болсун үчүн QR-шилтемелерди бардык жерде жайгаштыруу талабы коюлду.

Scroll to Top