Ош шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулуудаМамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндүIT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөтАйрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайы
Айдоочуларга эскертүү! 17–18-сентябрда Бишкектеги негизги көчөлөрдө чектөө болот
17.09.2025 | 09:20

17–18-сентябрь күндөрү Бишкекте Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын расмий сапары жана Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркия мамлекеттеринин өкмөт башчылары катышкан түрк мамлекеттеринин биринчи жыйыны өтөт.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, ушул иш-чараларга байланыштуу борбор калаада айрым көчөлөрдө жол кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет.
Чектөө киргизиле турган аймактар:
- «Манас» эл аралык аэропортунан Бишкек шаарынын кире беришине чейинки жол;
- Фучик көчөсү (шаардын четинен Чүй проспектисине чейин);
- Чүй проспектиси (Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, чыгыш багытта);
- Манас жана Ч.Айтматов проспектилери («Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки түштүк бөлүгү);
- «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жол тилкеси.
Тийиштүү көчөлөр толугу менен жабылбайт. Чектөөлөр делегациялардын кортежи өтүп жаткан учурда гана убактылуу киргизилет. Эгер зарыл болсо, башка жолдорго да кошумча чектөөлөр коюлушу мүмкүн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом