Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Президент кол койду. Жалал-Абад расмий түрдө Манас шаары болуп өзгөрдү
17.09.2025 | 20:30

Президент Садыр Жапаров «Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 10-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын негизги максаты – улуттук идеологияны чыңдоо жана кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон баатыр Айкөл Манастын атын шаарга ыйгаруу.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад шаары расмий түрдө Манас шаары деп атала баштайт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.