Садыр Жапаров Тоолуу-Алтайдагы түрк дүйнөсүнө арналган конференцияга кайрылуу жолдоду

18.09.2025 | 14:20

Россиянын Тоолуу-Алтай шаарында «Алтай – түрк элдеринин байыркы мекени. Түрк цивилизациясынын башаты» аттуу II эл аралык илимий-практикалык конференция башталды.

Президенттин администрациясы кабарлагандай, иш-чаранын ачылышында Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов президент Садыр Жапаровдун катышуучуларга жана конокторго жолдогон саламын окуп берди.

Президент Алтайды түрк мамлекеттүүлүгүнүн, маданиятынын жана тилинин башаты катары белгилеп, кыргыз эли бул аймак менен тарыхый жана руханий байланышты илгертен сезип келгенин белгиледи.

«Биз — бир тилдүү, бир тектүү үй-бүлөнүн өкүлдөрүбүз. Кыргыз Республикасы түрк биримдигин бекемдөөгө, илимди жана маданиятты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ар дайым колдойт», — деди Жапаров кайрылуусунда.

Конференция алкагында Кыргызстан менен Россиянын жалпы тарыхына байланыштуу биргелешкен тарыхый-агартуу программаларын уюштуруу үчүн аянтча түзүү пландалууда.

Scroll to Top