Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Финполиция ката басылган аттестаттар боюнча текшерүү баштады
05.07.2019 | 10:23
Экономикалык кылмытуулук менен күрөшүү кызматы быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген аттестаттардагы каталар боюнча текшерүү баштады. Бул тууралуу аталган мекеме билдирүү тараттты.
Билдирүүдө айтылгандай, Финполиция11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө берилген 95 миң аттестаттагы “жөнүндөгү” деген сөздүн “жөнүҢдөгү” болуп ката жазылып калуу себебин текшерет. Ошондой эле мекеме, Нарын облусунун Туз айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатында “реднюю” сөзү кайталанып жазылып калгандыгы боюнча дагы текшерүү жүргүзөт.
Жогорудагы фактылар кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү ресстрине “Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматына кыянаттыгы” беренеси менен катоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталды.
Рубрики: Жаңылыктар