Бишкете сабалган чет элдик жаран ооруканада каза болду

Бишкете сабалган чет элдик жаран ооруканада каза болду

2-июлда Бишкек шаарындагы “Айчүрөк” соода борборунан сабалган Нигериянын жараны ооруканада каза болду. Бул тууралуу ырчы Самат Дөлөтбаков Фейсбуктагы баракчасына жарыялаганын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, 2-июлда 1985-жылы туулган Нигериянын жараны Бишкектеги англис тилин окуткан Cambridge School тил үйрөнүү мекемесинин директору болгон. Ал Улуттук госпиталга оор абалда түшкөндүгү кабарланган. Ошондон бери комадан чыга элек болчу.

Чет элдик жаранды сабалды делип шектүү катары Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган тургуну 3-июлда кармалган.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы окуяны Жазык кодексинин 138-беренеси (“Саламаттыкка оор зыян келтирүү”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Шектүү шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында. Чырга эмне себеп болгону белгисиз.

Окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күнөөлүүнү тез арада табууну ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тапшырган. 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>