Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Кыргызстандык мушкерлер Орусиянын Чита шаарында өткөн бокс турниринде медаль жеңишти
22.09.2025 | 10:53

Кыргызстандык мушкерлер 7–13-сентябрь күндөрү Орусиянын Чита шаарында өткөн «Даурия Евразия кубогу» эл аралык бокс турниринде күмүш жана коло медаль жеңишти. Бул тууралуу Sport.kg маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган турнирге 19 өлкөдөн келген 150гө жакын мушкер катышкан. Кыргызстандан барган Эльдияр Тенисбеков 60 кг салмакта күч сынашып, күмүш медаль жеңген. Ал эми 67 кг салмак категориясында катышкан Кутманды Муратов коло медаль тагынган.
Мелдештин жыйынтыгында алтын медаль ээлерине 500 миң рубль сертификаттары тапшырылган. Күмүш байге ээлерине 200 миңден, коло байге ээлерине 100 миң рублдан берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт