Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Бишкектеги №84 мектепке бомба коюлганы тууралуу кабарланды
22.09.2025 | 10:58
Борбор калаадагы №84 мектептин имаратына бомба коюлганы тууралуу кабарланды. Бул тууралуу Reporter.kgге укук коргоо органдарындагы булак билдирди.
Маалыматка ылайык, окуу жайдагы бомба тууралуу билдирүү бүгүн, 22-сентябрда, келип түшкөн. Мектептин администрациясы шектүү билдирүү боюнча милицияга дароо кайрылган.
Милиция бул фактыны тастыктап, окуя болгон жерге укук коргоо кызматкерлери жөнөтүлгөнүн кабарлады. Толук маалымат кийинчерээк берилери айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар