Кыргызстандын Ош шаары менен Бразилия ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүдөКУУ орус тилин үйрөнүү үчүн жасалма интеллект платформасын киргизүү боюнча келишимге кол коётАкыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсызДепутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалдыКелечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
Базар-Коргондо 71 жаштагы карыя жашы жете элек небересин зордуктоого шектелүүдө
09.02.2026 | 14:21

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 71 жаштагы карыя жашы жете элек небересин зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
5-февралда Базар-Коргон райондук милицияга жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 71 жаштагы М.М. аттуу киши өзүнүн үйүндө 15 жаштагы небересин сабап, андан кийин зордуктаган. Арыз ээси ага мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жабыркаган кызга тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Шектүү катары жогорудагы карыя кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иши жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар