Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ок атуучу курал менен кармалды
30.09.2025 | 10:08

Ички иштер министрлиги мурда Дөө Чынгыздын уюшкан кылмыштуу тобунун курамында болгон деп эсептелген жаранды кармады. Ал жанында белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал алып жүргөнү тууралуу маалымат алынгандан кийин ыкчам иш-чара жүргүзүлгөн.
ИИМдин маалыматына ылайык, шектүү 1989-жылы туулган Т.Б. Бишкек шаарында колго түшүрүлгөн. Өздөктү кароо маалында анын жанынан номери өчүрүлгөн «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча жана жети ок табылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси («Курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда шектүү камакка алынып, тергөө амалдары уланууда.