Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Кош бойлуу аялдарга жардам көрсөткөн кайгуул инспекторлору сыйланды
30.09.2025 | 10:00

26-сентябрда жол тыгынында төрөт үйүнө жетпей калган кош бойлуу аялга кайгуул милициясынын инспекторлору жардам көрсөтүштү. Шашылыш кырдаалда милиция кызматкерлери төрөттү түздөн-түз патрулдук унаада кабыл алышкан. Ошол эле күнү дагы бир аял да окшош абалга туш болуп, ага да кайгуулчулар өз учурундагы жардамын көрсөтүшкөн.
ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Жоробеков бул окуяларды кызматтык эрдик катары баалап, аялдардын өмүрүн сактап калган жана төрөт кабыл алууга катышкан инспекторлорду атайын сыйлыктар менен ыраазычылык билдирди.