Бишкекте бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт

30.09.2025 | 10:40

2-октябрда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде «Бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси» өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жарманкеге 100дөн ашуун алдыңкы жумуш берүүчү ишканалар катышып, жарандарга иш берүүчү менен түз маектешүү аркылуу жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Ошондой эле Бишкек шаары боюнча 5миңге чукул бош жумуш орундары сунушталат. Окутуу провайдерлери борбордун жашоочуларына жана конокторуна өздөрүнүн окуу программаларын сунушташат.

Мындан тышкары, жаштарга жана мектептин бүтүрүүчүлөрүнө келечектеги кесибин жана жөндөмдүүлүгүн аныктоого жардам берүү максатында  кесиптик багыт берүү боюнча тестирлөө өткөрүлөт.

Жарманке саат 11:00дө расмий ачылат.

Министрлик «Бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси» Бишкекте гана эмес, өлкөнүн бардык райондорунда уюштуруларын кошумчалады.

Scroll to Top