Бүгүн чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун акыркы күнү
Бүгүн, 30-сентябрда, Кыргызстанда чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруу аяктайт. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу агенттиктин бардык бөлүмдөрү түнкү саат 00:00гө чейин иштейт. Агенттик мыйзамдаштыруу процессинен өтө элек жарандарды калган убакыттан пайдаланып, жакынкы аймактык бөлүмгө кайрылууга чакырды.
2025-жылдын 1-апрелинен тарта президент Садыр Жапаровдун «Автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыгына ылайык, өлкөдө чет элдик мамлекеттик каттоо номурлары бар автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча ири кампания жүргүзүлүүдө.
Мыйзамдаштыруу 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга ташылып келинген чет элдик номурлуу автоунааларга тиешелүү. 30-сентябрга карата өлкө боюнча 26 миң 648 мындай автоунаалар катталган.