Садыр Жапаров: Эки шайлоо бири-бирине учкашып өтсө, бул саясий стабилдүүлүккө залакасын тийгизиши мүмкүн

30.09.2025 | 21:40

Бүгүн, 30-декабрда, президент Садыр Жапаров 30-ноябрда өтө турган депутаттык шайлоо тууралуу кайрылуу жасады.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алганын айтып, демилге көтөрүп, ушул маселени колдоп берген депутаттардын баарына терең ыраазычылык билдирди.

“Сиздер алдыда калган бир жылдык депутаттык мөөнөтүңүздөрдү эмес, мамлекеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун ойлодуңуздар. Мамлекеттик деңгээлде мамлекетчил атуул катары ой жүгүрттүңүздөр”,- деп кайрылды ал депуттарга.

Ошондой эде өлкө башчы депутаттык шайлоонун эрте өткөрүлүп жатканынын себептерин айтып өткөн. Анын айтымында, депутаттык жана президенттик шайлоолордун катары менен өтүшү саясий стабилдүүлүккө залакасын тийгизиши мүмкүн.

“Себеби келечекте эки шайлоо ар беш жыл сайын бири-бирине учкашып өтсө, бул, биринчиден, БШК үчүн кыйынчылык жаратат, экинчиден, саясий стабилдүүлүккө залакасын тийгизиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, келерки жылы күздө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана көчмөндөр оюну бизде өтөт. Кыскасын айтканда “Тогуз толгоо” бир келип атат”,- деп билдирди ал.

Scroll to Top