Кыргызстанда эми жаңы система менен добуш беришет

30.09.2025 | 22:05

Кыргызстанда эски шайлоо системасы жоюлду. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, алдын ала бюллетендерди басып чыгарып, жүк ташуучу унааларга жүктөп, кайтаруу менен участкаларга жеткирген учурлар өткөн мезгилде калды.

«Азыр баары санариптештирилди. Сиз шайлоо участкасына келип, каттоодон өткөндө, компьютер сизге бюллетень чыгарып берет. Сиз талапкерди тандап, бюллетенди автоматташтырылган добуш берүү үкөгүнө саласыз. Үкөк ошол замат кимге добуш берилгенин каттап, шайлоо бүткөнгө чейин сактап турат. Добуш берүү убактысы саат 20:00дө аяктаганда тиешелүү баскычты басканда, үкөк дароо жыйынтык чыгарат — ар бир талапкер канча добуш алганын көрсөтөт.

Мындан тышкары, бюллетендер ящиктен чыгарылып, байкоочулардын көзүнчө кол менен кайра саналып чыгат. Бул бюллетендер бир жыл бою архивде сакталат», — деп белгиледи президент.

Жапаров ошондой эле кошумчалады: эгер кандайдыр бир талапкер белгилүү бир участоктогу жыйынтыктарга шек санаса, анда арыз жазып, бюллетендерди кайра саноону демилгелей алат.

«Бир да талапкер жана эч бир күч шайлоонун жыйынтыгына шек келтире албайт. Анткени биздин шайлоо тутумубуз толук санариптештирилип, автоматташтырылган. КМШ ичинде мындай шайлоо системасы болгону бизде бар», — деп жыйынтыктады Жапаров.

Scroll to Top