Кызды өлтүрүүгө аракет кылган. Бишкекте 22 жаштагы шектүү кармалды17 магнит жутуп алган. Ошто 2 жашар балага операция жасалдыБишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалдыСи Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары жана Өзбекстандагы жаңы борбор: Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин күчөтүүнү көздөйтКыргызстан менен Түркия медицина тармагында кызматташууну бекемдейтТеңир-Тоо The New York Times гезитинин эң мыкты туристтик багыттарынын катарына кирди
Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо 23-мартта башталат
21.03.2020 | 13:26
Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо 23-мартта башталат. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каттоо Кыргызстан боюнча 23-марттан 6-апрелге чейин уланат. Каттоого алуу өлкөнүн бардык аймагындагы казыяттарда тиешелүү операторлор тарабынан жүргүзүлөт.
Ал эми 2020-жылдагы ажы башчылыкка талапкерлерди тандап алуу ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын чечими менен “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинде өткөрүлөт.
Ажы башчылык боюнча суроолорго жооп алуу үчүн: 0(312) 48-61-67, 0778/558/708 48-61-67 телефон номерлерине чалып же бул шилтемеден маалымат алсаңыз болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом