Штаб: Сузакта дагы 4 адамдан коронавирус табылганы жалган

Штаб: Сузакта дагы 4 адамдан коронавирус табылганы жалган

Жалал-Абад облусунда коронавирус оорусун жуктурган дагы 4 учур катталганы, анын ичинде 7 жашар бала бар экени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча түзүлгөн ыкчам штаб кабарлады.

Бугүн облус жетекчиси Нурболот Мирзахмедов Сузак районунда дагы 4 адам ооруну жуктуруп алганын  «region» телеканалына билдирген.

“Буга чейинки 5 адамдан сырткары дагы 4 адамдан оору табылды. Лаборатория анализдердин жыйынтыгын берди. Булар Ырыс айыл өкмөтүнөн чыгып жатат, умрага барышкан эмес, баргандар менен байланышта болушкан. Эң кичүүсү 7 жаштагы бала. Жалпы Сузак районунда 12 адам бул ооруга чалдыкты”, — деген Мирзахмедов.

https://www.facebook.com/regiontvkg/videos/3031364703592431/?hc_location=ufi

Эске салсак 21-март күнү саат 9:00дө өткөн брифингде Саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков ооруну жугузган алты жаңы учур катталганын, алардын бешөө Сузак районунун тургуну болсо, бирөө Баткен облусунун тургун экендигин айткан.

Алгач 18-мартта Сузак районунун 3 тургуну, 20-мартта Ноокат районунун 3 тургуну ооруну жуктуруп алгандыгы аныкталган.

Коронавирусту алдын алуу боюнча түзүлгөн ыкчам штабдын расмий маалыматына ылайык, өлкөдө коронавируска чалдыкккандар 12 адам.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>