«Курак» тасмасы Пусан кинофестивалында эки сыйлыкка ээ болду

02.10.2025 | 11:00

Кыргызстандык режиссёрлор Эрке Жумакматова жана Эмил Атагелдиев тарткан «Курак» тасмасы Пусан эл аралык кинофестивалында эки сыйлыкка татыктуу болду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, фильм «Бангладеш – Июль мемориалдык сыйлыгы» жана белгилүү режиссёр Ким Жисеок атындагы сыйлыкты утуп алды.

Фестивалдын башка программаларында да кыргыз авторлору өз эмгектерин сунушташты. Самара Сагынбаева «Кооп коңгуроосу» тасмасы менен «Кең бурч» программасына катышса, Томирис Орозоева «Убакыт чөлүндө» долбоору менен Пусан Азия кино мектебине кабыл алынды. Дастан Жапар Рыскелди болсо «Бөбөктөй илешкек» аттуу долбоорун Азия долбоорлор базарында тааныштырды.

Быйыл Бишкек эл аралык кинофестивалы да Пусан фестивалынын өнөктөшү болуп чыкты.

Эске салсак, Пусан кинофестивалы Азиядагы эң ири маданий иш-чаралардын бири болуп эсептелет.

Scroll to Top