Садыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда«Балага сүйүнчү» жөлөк пулуна кантип «Түндүк» тиркемеси аркылуу арыз берүүгө болотМажбурлоосуз улуттук иденттүүлүк: Кыргызстанда жаңы мыйзам сунушталуудаЖалал-Абад облусунда кармалган адам милициядагы кыйноолорго даттанды
Караколдогу мектепте окуучу кызды классташы сабап жаткан видео тарады
02.10.2025 | 11:11

Социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы мектептердин биринде тартылган видео тарады. Анда окуучу баланын классташ кызды уруп, тепкилеп жатканын көрүүгө болот.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, милицияга 28-сентябрда арыз түшкөн. Арыз ээси — жабыркаган кыздын чоң энеси. Ал небересин Караколдогу №2 мектепте танапис учурунда классташ баласы сабап салганын билдирген.
Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.