Бишкек ЖЭБинде кышка көмүр жетиштүүбү? Мекеме жооп берди«Мугалим буюм эмес». Кесиптик бирликтер Садыр Жапаровго Эдил Байсаловдун үстүнөн арыздандыЧүйдө аялын сабап, өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыОрус-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарыхый чекке жетти: инвестициянын көлөмү 1 миллиард доллардан аштыКарга байланыштуу «Сосновка» жана «Арал» пунктарында убактылуу чектөө киргизилдиКыргыз мушкерлери Дубайда өткөн Дүйнө чемпионатында күч сынашат
Кыргызстанда 20-октябрдан 10-ноябрга чейин айыл чарба каттоосу жүрөт
02.10.2025 | 16:00

2025-жылдын 20-октябрынан 10-ноябрына чейин Кыргызстанда айыл чарба каттоосу өтөт.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, каттоо өлкөнүн айыл чарба тармагынын учурдагы абалы боюнча так жана толук маалымат алууга багытталган.
Каржылоо:
- Республикалык бюджеттен 277,7 млн сом бөлүндү;
- БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан кошумча 55 миң доллар колдоо көрсөтүлдү.
Ишке тартылгандар:
- 1179 эсепчи – 2025-жылдын 15-майынан 15-июнуна чейин чарба субъекттеринин тизмесин такташкан;
- 4494 эл каттоочу – 20-октябрдан 10-ноябрга чейин маалымат чогултат;
- 898 инструктор-көзөмөлчү – 1,5 ай каттоонун сапатына көз салат;
- 220 координатор – уюштуруучулук колдоо көрсөтөт.
“Каражаттын басымдуу бөлүгү каттоого тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө жумшалат, калган бөлүгү иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө сарпталат”,-деп айтылат Статкомитеттин билдирүүсүндө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом