ТИМде Жээнбек Кулубаевдин жетекчилиги алдында коллегиялык жыйын болуп өттүКыргызстан Жапониянын ири банкы MUFG Bank кызматташууну талкууладыКазакстан Каспий деңизинин боюна чакан атомдук станция курууну кароодоКыргызстандагы өлүм жазасы: Пайда жана зыяны кандай?Азия Кубогу (U-23): Улуттук кураманын атаандаштары белгилүү болдуМуниципалдык эвакуатор жол эрежелерин бузган учур видеого түшүп калган
Жөлөк пулдун жаңы түрү. Чек ара жана алыскы аймактардагы үй-бүлөлөргө 3000 сомдон жөлөкпул төлөнөт
03.10.2025 | 09:55

2026-жылдын 1-январынан тартып бийик тоолуу жана алыскы, барууга кыйын аймактарда, ошондой эле өзгөчө статусу бар чек ара конуштарында жашаган көп балалуу үй-бүлөлөргө жаңы жөлөкпул төлөнө баштайт.
Министрлер Кабинетинин маалыматына ылайык, үчүнчү жана ар бир кийинки бала төрөлгөн күндөн тартып үч жашка чыкканга чейин ай сайын 3000 сом өлчөмүндө мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.
Бул чечим «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу алкагында кабыл алынды.
Каржы министрлигине жөлөкпулдарды өз убагында төлөп берүү үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүү тапшырылды. Ал эми Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом