Asman Airlines кытайлык COMAC C909 жана C919 үлгүсүндөгү самолетторду сатып алууну караштыруудаЖаан жаап, күн күркүрөйт: 25-сентябрга карата аба ырайынын божомолуБишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль утту
Жөлөк пулдун жаңы түрү. Чек ара жана алыскы аймактардагы үй-бүлөлөргө 3000 сомдон жөлөкпул төлөнөт
03.10.2025 | 09:55

2026-жылдын 1-январынан тартып бийик тоолуу жана алыскы, барууга кыйын аймактарда, ошондой эле өзгөчө статусу бар чек ара конуштарында жашаган көп балалуу үй-бүлөлөргө жаңы жөлөкпул төлөнө баштайт.
Министрлер Кабинетинин маалыматына ылайык, үчүнчү жана ар бир кийинки бала төрөлгөн күндөн тартып үч жашка чыкканга чейин ай сайын 3000 сом өлчөмүндө мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.
Бул чечим «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу алкагында кабыл алынды.
Каржы министрлигине жөлөкпулдарды өз убагында төлөп берүү үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүү тапшырылды. Ал эми Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом