Токмокко 2 млрд сом бөлүндү: Ташиев атайын техника тапшырды
Бүгүн Токмок шаарында атайын техникаларды жана кызматтык унааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Ташиев белгилегендей, техника жана унаалар Президент Садыр Жапаровдун атынан шаарды өнүктүрүү максатында берилди.
Президенттин 29-сентябрдагы №325 буйругуна ылайык, Стабилдештирүү фондунан Токмокко жалпы 2 млрд 55 млн сомдон ашык каражат бөлүндү.
Анын негизинде төмөнкү ири долбоорлор ишке ашырылат:
- Жолдорду капиталдык оңдоо жана куруу – 1 млрд 812 млн сом;
- Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имараты – 134,6 млн сом;
- Жаңы автобус жана атайын техникалар алуу – 108 млн сом.
Мындан тышкары, 2026-жылы Токмоктогу №1 жана №2 мектептер үчүн кошумча окуу корпустары курула баштайт. Ар бир корпустун долбоордук кубаттуулугу 800 орунду түзөт.
Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийликке бөлүнгөн каражатты натыйжалуу пайдаланууну жана иштердин сапатын катуу көзөмөлдөөнү тапшырды.