Швейцариялык Swisscows Кыргызстанда коопсуз издөө системасын түзүүнү жана банк ачууну көздөөдө

03.10.2025 | 15:16

Швейцариялык Swisscows ишканасы Кыргызстанда коопсуз издөө системасын түзүүнү жана банк ачууну каалайт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, палатанын президенти Темир Сариев Швейцариянын Swisscows ишканасынын башкы директору Андреас Вибе менен жолугушуу өткөргөн. Анда тараптар Кыргызстанда жеке маалыматтарды коргоого, этикалык интернетти жайылтууга багытталган санариптик демилгелерди талкуулашты.

Аталган ишкана өлкөдө төмөнкү маалыматтык санариптик долбоорлорду ишке ашырууну сунуштоодо:

  • Коопсуз издөө системасы;
  • Корголгон TeleGuard мессенжери;
  • Ишенимдүү VPN-кызматы;
  • Швейцариядагы серверлерде жайгашкан булут маалымата сактагыч;
  • Коопсуз электрондук почта.

Мындан тышкары, Swisscows Кыргызстанда өзүнүн банкин ачуу планын жарыялаган. Банк санариптик коопсуздук, айкындык жана кардарлардын жеке маалыматтарын коргоо принциптеринин негизинде иш алып барары айтылды.

Белгилей кетсек, Swisscows – дүйнөлүк издөө системаларына альтернатива катары таанылган ишкана. Салттуу издөө платформаларынан айырмаланып, аталган ишкана колдонуучулардын жеке маалыматтарын чогултпайт жана зомбулук же порнографиялык мазмундагы материалдарды бөгөттөйт.

Scroll to Top