Кыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгаратДастан Бекешев депутаттарга уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрлөрүн тактоону сунуштадыБаткенде 3 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз болот
Шайлоо-2025: талапкерлерди каттоо качан аяктап, үгүт иштери качан башталат?
03.10.2025 | 16:05

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров парламенттик шайлоого катышуу тартибин жана мөөнөттөрүн түшүндүрдү.
Анын айтымында, талапкерлер арыздарын бере башташты. Арыздар 31-октябрга чейин кабыл алынат.
Андан соң талапкерлерди каттоо иштери 10-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Үгүт өнөктүгү 10-ноябрдан башталып, 29-ноябрдын саат 08:00үнө чейин уланат.
30-ноябрь шайлоо күнү болуп эсептелет. Анын алдындагы бир күн жымжырттык күнү деп жарыяланат.
Добуш берүү үчүн шайлоо участогуна бара албаган жарандар, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, 28-ноябрга чейин арыз тапшыра алышат.
БШК төрагасынын айтымында, шайлоонун толук жыйынтыгы 14-декабрга чейин жарыяланат.