Кыргызстанда спутник интернетин геостационардык эмес системалар аркылуу пилоттук тестирлөө башталат

03.10.2025 | 18:35

Президент Садыр Жапаров «Геостационардык эмес спутник системаларын пайдалануу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Бул долбоордун алкагында Кыргызстанда биринчи жолу спутник интернетине геостационардык эмес системалар аркылуу кирүү технологиясы колдонулат. Долбоор 2025-жылдын 6-октябрынан 2026-жылдын 5-октябрына чейин ишке ашырылат.

Пилоттук долбоор алыскы жана жетүүгө кыйын аймактардагы тургундар үчүн санариптик теңсиздикти жоюуга жана сапаттуу интернетке жетүүнү камсыз кылууга багытталган. Бардык эл аралык спутник операторлору долбоорго катыша алышат, алардын техникалык жана укуктук чечимдери тестирленет.

Долбоор аяктагандан кийин мамлекеттик органдар жыйынтыктарды баалап, өлкө жетекчилигине спутник интернетин өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет.

Scroll to Top