Антимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын хоккей боюнча курамасы Болгариядагы дүйнө чемпионатына катышатЖээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулду
Айдоочуларга эскертүү: мыйзамсыз жабдуу жана караңгылатылган терезелер текшерилүүдө
04.10.2025 | 12:04

Кыргызстанда 2025-жылдын 24-сентябрынан 3-октябрына чейин «Кошумча жабдуу» жана «Техникалык абал» аталышындагы кеңири рейддик иш-чара жүрүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Рейддин максаты — жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочулардын мыйзам бузуу учурларын аныктоо. Айрыкча төмөнкү эрежелерге көңүл бурулууда:
- мыйзамсыз кошумча жабдууларды орнотуу;
- техникалык кароодон өтпөгөн унааларды пайдалануу;
- алдыңкы терезелерди мыйзамсыз караңгылатуу;
- кошумча фараларды туура эмес колдонуу.
Аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча айдоочуларга айып салынып, айрым унаалар айып короо жайына токтотулууда.
ИИМдин ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана унааларын техникалык талаптарга ылайык кармоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом