Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Садыр Жапаров: Жазаны күчөтпөсөк, түрмөнү тоготпой калышты
04.10.2025 | 13:32

Сентябрдын аягында 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү өлкөдө чоң резонанс жаратты. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү маселесин өз көзөмөлүнө алып, өлүм жазасын кайра киргизүү боюнча коомдук талкуу башталарын билдирди.
Мамлекет башчысы «Кабар» агенттигине берген маегинде акыркы жылдардагы адам өлтүрүү жана зордуктоо фактыларынын өсүп жатканын белгилеп, статистиканы сунуштады. Анын айтымында, кылмышкерлер түрмөдөн коркпой калышкан, анткени шарттары жеңилдеп, айрымдары үй-бүлөсүнө акча жөнөтө турган деңгээлге жеткен.
Негизги билдирүүлөрү:
- Өлүм жазасы адам өлтүрүү жана өспүрүмдөрдү зордуктоо кылмыштарына гана колдонулушу мүмкүн.
- Коррупция боюнча мындай жаза каралбайт, анткени «жалаа менен күнөөсүздөр жабыркап калуу коркунучу бар».
- Сот процесстерди ачык жүргүзүү, видеодалилдерди колдонуу жана жабырлануучулардын жакындарын катыштыруу механизмдери сунушталууда.
- Өлүм жазасын киргизүү үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү, Конституциялык соттун корутундусу жана референдум талап кылынат.
- Эгер эл көпчүлүк менен колдосо, Кыргызстан эл аралык келишимдерден чыгуу маселесин да карайт.
«Элдин негизги талабы — балдарыбызды жана аялдарды коргоо. Маселе бүткүл элдик добуш берүү аркылуу гана чечилет», — деди Жапаров.