Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Нарын шаарындагы негизги көчөгө асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө
06.10.2025 | 10:17

Нарын шаарынын Ленин көчөсүнө асфальттын экинчи катмары төшөлө баштады. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, муну менен катар тротуар бордюрларын орнотуу жана жарыктандыруу мамычаларын орнотууга даярдык иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, аталган жол 4 тилкеден туруп, туурасы жалпы 14 метрди түзөт. Ал эми тротуардын кеңдиги 2,25 метр.
Министрлик мындан тышкары Ж. Шералиев көчөсүндөгү лоток орнотуу иштери жана жөө жүргүнчүлөргө ыйлайыкталган тилке (тротуар) бир тараптуу толук бүткөрүлүп, экинчи тарабында жумуштар жүрүп жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом