Кан төгүлсө, лидерликтен баш тартмакмын — президент 2020-жылдагы окуялар тууралуу маек берди

2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл беш жыл толду. Бул датага карата президент Садыр Жапаров ошол кездеги оор кырдаалды, элдин ишеничин жана өлкөдө туруктуулукту сактап калуу аракети тууралуц «Кабар» агенттигине маек курду.
Президенттин айтымында, ал 2020-жылдын 6-октябрында эртең менен түрмөдөн чыгып, ошол эле күнү кечинде премьер-министр болуп шайланган. Ал учурда өлкөдө башаламандык өкүм сүрүп, саясий күчтөр биримдиктен ажыраганын белгиледи.
«Өлкөдө башаламандык болчу. Саясий күчтөр он чактыга бөлүнүп, элди да бөлүп-жарып алышкан. Сырткы күчтөрдүн басымы да күч эле. Ошондой абалда ишти баштоо оңой болгон жок», — деди президент.
«Элге кайрылып, мародёрлукка жол бербегиле дедим»
Жапаровдун айтымында, премьер-министр катары алгачкы кадамы — өлкөдө тынычтыкты жана стабилдүүлүктү сактап калуу болгон.
«Камактан чыгып, дароо элге кайрылуу жасадым. ‘Мародёрлук кылбагыла, шаарды талкалабагыла, бийликти басып албагыла’ дедим. Кудай жалгап, эл угуп, тынчтык сакталып калды. Он күн бою Бишкекте бир да дүкөн тонолгон жок, бир да айнек сынган жок», — деди мамлекет башчы.
«Кан төгүлбөсүн деп элди токтоттум»
Президент ошол күндөрү айрым адамдар мурдагы бийлик өкүлдөрүнө каршы аракеттерге барууга даярданып жатканын, бирок ал кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүнү көздөгөнүн айтты.
«Кимдир бирөөлөр Сооронбай Жээнбековду жана мурдагы чиновниктерди кармап жазалайлы дешти. Мен токтоттум. «Эгер кан төгүлсө, лидерликтен баш тартам», — дедим. Анткени дүйнө бизди жапайы эл катары кабыл алмак», — деди Жапаров.
«Биринчи максат — стабилдүүлүк, экинчи — башкаруу системасын оңдоо»
Президент белгилегендей, алгачкы кадамдар стабилдүүлүктү орнотууга, башкаруу системасын кайра түзүүгө жана экономиканы көтөрүүгө багытталган.
«Пандемиядан кийин өлкө бюджетинин дефицити 30 миллиарддан ашкан. Азыр болсо экономика өсүү темпи менен бара жатат. Акыркы беш жылда бир да өлкөдөн грант сураган жокпуз. Алынган кредиттер коммерциялык долбоорлорго гана жумшалууда», — деди ал.
«Мурдагы президенттердин жарашуусу — инвесторлорго ишеним берди»
Жапаров мурдагы президенттер менен Дубайда жолугушуунун башкы максатын да түшүндүрдү.
«Алардын тиреши инвесторлорду үркүтүп жаткан. Мен баарын бир столго отургузуп, «өтөр өттү, эми тынч жашайлы» дедим. Ошондон кийин дүйнө Кыргызстанда тынчтык бар экенине ишене баштады», — деди президент.
«Эл добушун сатпаш керек»
Президент алдыдагы шайлоолор тууралуу да пикирин билдирди.
«Бул жолу шайлоо толугу менен автоматташтырылды. Эл кайсы жерде жүрсө да добуш бере алат. Бирок эң башкысы — добушун сатпаш керек. Эгер эл добушун сатып жиберсе, анда бийлик эмес, эл өзү күнөөлүү болот», — деп белгиледи ал.
«Эл мага акыркы жолу ишенип көрдү»
Маекти жыйынтыктап жатып президент Садыр Жапаров 2020-жылы элдин ишеними мамлекетти сактап калганын айтты.
«Эл «акыркы жолу ишенип көрөлү» деди. Эгер ошол ишенич акталбаса, Кыргызстан бүгүн мамлекет катары болбой калмак. Мен ошол ишеничти актоо үчүн күнү-түнү иштеп келем», — деди президент.