Орусиянын маданият күндөрүндө «Жоголгон убакыт жомогу» спектакли коюлат

08.10.2025 | 12:37

1–2-ноябрда Бишкек шаарында Орусиянын Маданият күндөрүнүн алкагында «Жоголгон убакыт жомогу» аттуу спектакль коюлат. Спектакль Евгений Шварцтын чыгармасынын негизинде сахналаштырылган. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, спектакль Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрынын чоң сахнасында көрсөтүлүп, режиссёр Никита Михалков жетектеген «Мастерская “12”» театры тартуулайт.

«Жоголгон убакыт жомогу» — убакыттын баалуулугун түшүнүүгө, ар бир мүнөттү текке кетирбөөгө чакырган таасирдүү жана кызыктуу окуя. Ал өз ишин дайыма «кийин» деп жылдырып жүргөн мектеп окуучусу Петя тууралуу баяндайт. Ошондон тарта каармандардын убакытты баалоо жана жоголгон мүнөттөрүн кайтарып алуу үчүн болгон укмуштуу, сыйкырдуу окуялары башталат”,- деп билдирди министрлик.

Scroll to Top