Садыр Жапаров БА чөлкөмүнүн суу-энергетика тармагында жаңы механизмди сунуштады

22.04.2026 | 16:04

Кыргызстандын президенти Астанадагы Аймактык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында Борбордук Азиянын суу-энергетика тармагына компенсациялык механизмди киргизүүнү сунуштады, деп билдирет республика башчысынын басма сөз кызматы.

Садыр Жапаров парник газдарынын дүйнөлүк чыгындыларынын (эмиссиясынын) жүздөн үч (0,03) гана пайызы Кыргызстанга туура келерин, бирок өлкө климаттын өзгөрүшүнүн олуттуу кесепеттерине туш болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, 2020-жылдан бери өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинде сел жана ташкындардын саны үч эсеге өскөн, ал эми жылдык материалдык чыгым болжол менен 16 миллион долларга жетет.

Ошондой эле, президенттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарган, ал эми 2100-жылга чейин өлкө мөңгүлөрүнүн 80 пайызга жакынын жоготушу мүмкүн. Акыркы он жылдыктарда Ысык-Көлдүн деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөгөн, ага куйган дарыялардын саны 100дөн ашык болсо, азыр 30га чейин азайган, ошол эле учурда бийик тоолуу мөңгү көлдөрүнүн саны 1968-жылдан бери 30 пайызга көбөйгөн.

Жапаров Кыргызстан суу ресурстарын сактоого ири каржылык жана адам ресурстарын жумшап жатканын, бирок анын ордуна казылып алынуучу отун (көмүр, газ ж.б.) түрүндө компенсация албай турганын баса белгиледи.

«Кыргызстандын аймагында түзүлгөн суу ресурстарынын жалпы жылдык көлөмү болжол менен 50 миллиард кубометрди түзөт. Ошол эле учурда өлкө анын 12 миллиардга жакынын гана пайдаланат, ал эми калган 38 миллиарды коңшу мамлекеттерге агып кетет», — деди ал.

Scroll to Top