Кыргызстандын жаш балбандары Новосибирсктеги «Салттардын күчү» турниринде жети медаль жеңдиКыргызстанда экспорттук көзөмөл жаатында уруксат кагаздарын берүү тартиби жөнөкөйлөтүлөтКыргызстанда БАДдарды дары катары жарнамалоого тыюу салуу сунушталуудаКыргызстанда акциздик маркаларды алуу процесси санариптештирилетЖыл башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 1,4 тонна таштанды чыгарылдыКыргыз дипломатиясы беш жыл ичинде чоң секирик жасады — Аликбек Жекшенкулов
Биринчи түшүм: Араванда капуста бышып, экспорттоло баштады
17.04.2026 | 15:13

Ош облусунун Араван районунда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко чыгарышууда. Айыл чарба министрлигинни маалыматында, бул аймакта башка жерлерге салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат.
Мекеменин маалыматында, биздин өлкө капустаны негизинен Казакстан менен Орусияга экспорттойт.
Араван райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Галдарбек Мадалиев бул аймакта биринчи капуста бышып экспортко чыгарын, андан кийин бадыраң, помидор, картошка, кулпунай, кокон гилас бышып, сыртка сатыкка кетерин билдирген.
Министрлик тийиштүү адистер дыйкандарга түшүмүн экспортко чыгарууда тийиштүү документтерин даярдоодо көмөк көрсөтүп жатканын кошумчалады.