Садыр Жапаров «Солнце в ладошках» фондуна ыраазычылык билдирди

08.10.2025 | 17:09

Президент Садыр Жапаровдун атынан кайрымдуулук жана ыктыярдык ишмердүүлүгү үчүн «Солнце в ладошках» үй-бүлөнү, эне жана баланы колдоо коомдук фондуна ыраазычылык билдирилди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасында жазды.

Анын айтымында, президент жакында тоого болгон сапарында фонддун өкүлдөрү таштандыларды чогултуп, айлана-чөйрөнү тазалап жатканын көргөн.

«Бул көңүл сыртында калган жок. Мамлекет башчысы жаратылышты терең урматтаган жана жарандарды тазалыкты сактоого, өзгөрүүнү өзүнөн баштоого үндөп келген адам катары, мындай аракетти өзгөчө жылуу сезим менен белгиледи», — деп жазды Алагөзов.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча бүгүн фонддун өкүлдөрүнө ыраазычылык кат тапшырылганы маалым болду.

Маалымат катчысынын белгилешинче, мындай демилгелер башкаларга үлгү болуп, мекенди сүйүү менен жаратылышка кам көрүү – өлкөнүн гүлдөгөн келечегине салым кошоорун көрсөтөт.

«Солнце в ладошках» фонду негизинен оор илдеттерден жабыркаган балдарга жардам көрсөтөт. Ошондой эле өз ыктыяры менен ишембиликтерди өткөрүп, табиятка жана адамдарга кам көрүү маданиятын жайылтып келет.

Scroll to Top