Кичи арена, бала бакча, көпүрө жана мектеп: Бишкектин мэри курулуп жаткан объектилерди текшерди
Бишкекте эки объектинин курулушу аяктап, жарым айдын ичинде пайдаланууга берилет. Алар: Долон Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи спорт аренасы жана «Чыгыш-5» кичи районундагы «Баластан» бала бакчасы. Бул тууралуу пресс-тур учурунда подрядчиктер Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге отчёт беришти.
Шаар башчысы белгилегендей, кичи арена 5 миң 100 көрүүчүнү батыра алат. Ал жерде спорттук жана концерттик иш-чаралар өткөрүлөт. Учурда ички жасалгалоо иштери гана калды, жана объектинин прорабы аренаны октябрдын ортосунда ишке берүүнү убадалады.
«Чыгыш-5» кичи районунда жайгашкан «Баластан» бала бакчасы октябрдын аягына чейин пайдаланууга берилери айтылды. Бул мурда мыйзамсыз түрдө жеке жактарга өтүп кеткен эски бакчанын реконструкцияланган имараты. Объект УКМКнын жардамы менен мамлекетке кайтарылып, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Анын расмий ачылышы 20-октябрда өтөт. Бала бакча 560 балага эсептелген.
Андан соң Айбек Жунушалиев Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнү оңдоо иштерин текшерди. Ал жерде узундугу 24 метр болгон устундар орнотулууда. Көпүрөнүн жалпы туурасы 24 метрди түзөт, ал эми эки бөлүк кошулганда узундугу 70 метрге жетет. Көчөнүн унаа жүрүүчү бөлүгү төрт тилкеден турат, эки жагына үч метрлик жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар салынат.
Акыркы объект борбордун 5-кичи районунда курулуп жаткан №3 мектептин жаңы корпусу болду. Мэр белгилегендей, имарат мектептин жаңы корпусу катары эсептелгени менен, иш жүзүндө 540 окуучуга ылайыкталган үч кабаттуу мектеп курулуп жатат. Объектини кийинки окуу жылына чейин бүтүрүү жана пайдаланууга берүү пландалууда.