Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбеде жолугушту2026-жылдагы ажылык сапарды “Flyadeal” аткарат — 6060 кыргызстандык зыяратчы учатДональд Трамп Израиль менен ХАМАС тынчтык планына кол коюшканын жарыяладыКыргызстанда тоо-кен тармагын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну күчөтүү сунушталдыУКМК: «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалдыСадыр Жапаров Тажикстанга барды
Бишкекте кыздын сабалышы видеого түшүп калган. Шектүү кармалды
09.10.2025 | 10:12
Соцтармактарда эркек киши жолдо кетип бараткан кызды токтотуп, бир нече жолу урганы, башын дүкөндүн дубалына уруп, жерге жыкканы тартылган видео тарады. Бир аздан кийин алардын жанына адамдар келип, кызды коргоого аракет кылышкан, бирок эркек кызды күч менен жолдун ары жагына сүйрөп кеткен.
Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин маалымат кызматы билдиргендей, окуя Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Милиция кыздын жана аны сабаган адамдын өздүгүн аныктаган. 18 жаштагы жабырлануучу А.Н. арыз жазуудан баш тарткан. Бирок ага карабастан кылмыш иши козголуп, 27 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар