Душанбедеги самитте СНГ+ түзүмүн түзүү маселеси каралат

8–10-октябрда Тажикстандын борбору Душанбеде «Борбор Азия – Орусия» саммити өтөт. Анда жаңы форматтагы КМШ+ түзүмүн түзүү маселеси талкууланат. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин орусиялык РБК жазып чыкты.
“Бул формат КМШнын демилгеси менен өткөрүлө турган иш-чараларга үчүнчү өлкөлөрдүн да катышуусун карайт”, — деп билдирген ал журналисттерге.
Маалыматка ылайык, саммиттин катышуучуларынын арасында Орусиянын президенти Владимир Путин жана Борбор Азиядагы беш өлкөнүн: Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери бар.
Тараптар Орусия менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты соода-экономикалык, каржылык, инвестициялык, өнөр жай, логистикалык, энергетикалык жана башка тармактарда өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Жолугушуулардын жыйынтыгында президенттер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшат деп күтүлүүдө.