Кыргызстан Газа тилкесиндеги тынчтык процессин колдой турганын билдирди

Кыргызстан Газа тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча башталган тынчтык процессти колдойт жана эл аралык укуктун принциптерине берилгендигин дагы бир жолу ырастады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы тынчтык демилгелерин жана бул багытта жүргүзүлүп жаткан эл аралык аракеттерди колдойт.
«АКШнын президенти Дональд Трамптын тынчтык демилгеси, ошондой эле Египет, Катар жана Түркиянын дипломатиялык аракеттери дүйнөлүк коомчулуктун кеңири колдоосуна татыктуу», — деп жазды Алагөзов.
Президенттик аппараттын маалыматына ылайык, Кыргызстан Газа тилкесинде зомбулукту токтотуп, диалог аркылуу узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотуу аракеттерин колдоого чакырат.