Reporter.kg пресс-катчылар үчүн видеоконтент түзүү боюнча мастер-класс өткөрдү

09.10.2025 | 16:02

Reporter.kg’нин командасы Бишкек шаарынын муниципалдык кызматтарында иштеген 24 пресс-катчы үчүн видеоконтент жана пресс-релиз даярдоо боюнча мастер-класс өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эльвира Сатыбекова жана Яна Крайнюкова катышуучуларга видеоматериалдардын сапатын жакшыртуу, маалыматты аудиторияга жеткиликтүү жана кызыктуу берүү ыкмаларын үйрөтүштү.

Эльвира Сатыбекова видеосюжетти популярдуу кылуу ыкмаларына токтолсо, Яна Крайнюкова кыска маалыматтык видеолорду даярдоонун практикалык кадамдарын көрсөттү.

Катышуучулар иш-чаранын жүрүшүндө медиаконтент менен иштөөгө керектүү практикалык көндүмдөргө ээ болушуп, өз ара тажрыйба алмашуу жана пайдалуу кесиптик лайфхактар менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн алышты.

Мастер-класс муниципалдык пресс-катчылар үчүн медиаплатформалар менен иштөөнү жакшыртууга жана коомчулукка маалыматты натыйжалуу жеткирүүгө багытталган аянтча болду.

Scroll to Top