Президент парламенттик шайлоодо миң үгүтчү жалдоого уруксат берүү маселеси боюнча пикирин айтты

12.10.2025 | 16:00

Өлкө башчы Садыр Жапаров коомчулукта талкуу жаратып жаткан Жогорку Кеңешке аттанган талапкерлерге миңге чейин үгүтчү алууга уруксат берүү маселеси боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ал «Кабар» агенттигине берген маегинде айткан.

Өлкө башчы миң үгүтчү көп деп ойлой тургандыгын, бирок шайлоо же шайлабоо элдин колунда экенин билдирген.

“Бул маселе боюнча мурдагы мыйзамда 500гө чейин үгүтчү алса болот деген ченем бар эле. Округдар чоңойгонуна байланыштуу депутаттар миң үгүтчүгө чейин деп көтөрүп коюшуптур. Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм. Азыркы шайлоого катышып жаткан талапкерлер деле мынча үгүтчү албаса керек. Эгер ушунча үгүтчү алган талапкер болсо, демек, акчасы көп талапкер”,- деп билдирген ал.

Садыр Жапаров “миң үгүтчү деген маселеден трагедия кылыштын деле кереги жок” экенин, ар бир талапкердин тагдыры элдин колунда экенин айткан.

“Себеби, 500 үгүтчү деп көрсөтүп койгон менен маселе чечилбейт деп ойлойм. 500 үгүтчүнү расмий түрдө алып, 500 үгүтчүнү оозеки сүйлөшүп алып иштетиши толук мүмкүн да. Далилдеш кыйын. Ошондуктан дагы бир жолу кайталайм. Ар бир талапкердин тагдыры үгүтчүлөрдүн колунда эмес, элдин колунда! Эгер эл колдобогон талапкер болсо миң эмес, эки миң үгүтчү жалдап алсаң да өтпөйсүң”,- деген ал маегинде.

Scroll to Top