Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы товар жүгүртүү беш жыл ичинде 2,2 эсеге өстү
Экономика министри Бакыт Сыдыков Вашингтон шаарында Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банктын Жазгы кеңешмелеринин алкагында АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча соода өкүлүнүн жардамчысы Брендан Линч менен жолугушту. Тараптар соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Бакыт Сыдыков америкалык өнөктөштөр үчүн ачык болгон артыкчылыктуу багыттарды белгиледи: индустриялаштыруу, транспорттук-логистикалык хабды өнүктүрүү, айыл чарбасы, туризм жана жашыл энергетика. Министр ошондой эле 2025-жылдын февраль айында Бишкекте өткөн “B5+1” бизнес-форумунун жыйынтыктарын эске салды.
Акыркы беш жылдын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2,2 эсеге өсүп, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 228 млн долларды түздү. Ушул эле мезгил аралыгында кыргыз продукциясынын Америка рыногуна экспорту 2,4 эсеге көбөйгөн.