Европа биримдиги Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорун каржылоо үчүн 2,4 млрд доллар бөлөт

13.10.2025 | 14:35

Европа биримдиги (ЕБ) Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун колдой тургандыгын жана долбоорду каржылоо үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанга жалпы 2,4 млрд доллар бөлүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-10-октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Бельгиянын Брюссель шаарында өткөн «Global Gateway» форумуна катышкан.

Форумдун алкагында министр эл аралык каржы уюмдар, Казакстандын энергетика министри Ерлан Аккенженов жана Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов менен жолугушуу өткөргөн. Анда Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорунун ишке ашыруу маселелери талкууланган.

Жолугушууда Европа биримдиги Камбар-Ата-1 ГЭСин ишке ашуусун жана курулушун колдоорун билдирип, долбоорду каржылоо үчүн Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстанга жалпы 2,4 миллиард доллар бөлүүгө макул болгон. Ошондой эле ЕБ үч мамлекет менен эки тараптуу документке кол койгон.

Анын ичинен Европа биримдиги Кыргызстанга 1 млрд доллар бөлүүгө даярдыгын билдирип, эки меморандумга кол коюлган. Алар:

  1. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Европа инвестициялык банктын ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорун каржылоо тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында долбоорду 500 млн АКШ долларга чейин каржылоо маселеси макулдашылган.
  2. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банктын ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорун каржылоо тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум. Анда долбоорду 500 млн АКШ долларга чейин каржылоо макулдашылды.
Scroll to Top