«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Москвада 11 адамды унаасы менен тебелетип кеткен кыргызстандык Сарбишев 16 жылга эркинен ажыратылды
24.03.2020 | 12:59
Орусияда кыргызстандык Бекжан Сарбишев 16 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Москва шаардык соту кабыл алганын орус басылмалары жазып чыгышты.
Окуя 2018-жылдын 9-сентябрында Москвада “Марьино” метросунда катталган. Анда Сарбишев карындашынын туулган күнүн белгилеп, кафеде чыгып баратып, башка мекендештер менен айтыша кеткен. Ал сыртка чыккандан кийин өзүн ур-токмокко алган деген жигиттердин тобун машинеси менен тебелетип кеткен. Унанын алдында 11 адам калып, бири каза болгон. Айыпталуучунун теги кыргызстандык, Орусиянын жараны.
Ош облусунун Өзгөн районунда туулуп өсүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Бекжан Сарбишевге “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар