«Дордой» базарында масштабдуу рейд жүргүзүлдү. Эмнелер аныкталды?

13.10.2025 | 15:35

«Дордой» базарында жана анын айланасында ири рейд өткөрүлүп, анын жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, жооптуу адамдарга айып пулдар салынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Свердлов райондук администрациясынан билдиришти.

Рейдге Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын, Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Муниципалдык инспекциянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана райондук Өрт коопсуздугу кызматынын, Ички иштер башкармалыгынын жана Патрулдук милиция кызматынын, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, «Бишкек жашыл чарба» МИнин, «Шаардык жол-транспорттук инфраструктура» МИнин жана №305 муниципалдык техникалык участогунун өкүлдөрү катышкан.

“Рейд Кожевенная жана Ибраимов көчөлөрүндө өткөрүлдү. Максаты — мыйзамсыз сооданы, шаарды көрктөндүрүү эрежелерин жана өрт коопсуздугу талаптарын бузуу фактыларын аныктоо болду. Текшерүүнүн жыйынтыгында «Шахи Ойл» ЖЧКсына, «Мурас Спорт» ЖЧКсына жана «Сервис» СТФине карата беш административдик протокол түзүлүп, мыйзамсыз соода орундарын уюштурганы үчүн жалпы 73 миң сом өлчөмүндө айып пулдар салынды”, — деп айтылат маалыматта.

Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери Кожевенная көчөсүндө туура эмес токтотулган унаалар боюнча жалпы суммасы 14 миң сом болгон 14 протокол түзүшкөн. 20дан ашык унаа айып короосуна жеткирилген

Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан унаа токтотуучу жайларды максаттуу пайдалануу жана мыйзамсыз акча чогултууну токтотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Свердлов районунун Өрт кызматы менен биргеликте «Джунхай» базарында өрт коопсуздугу системалары жана суу түтүктөрү текшерилген. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин баалоо үчүн атайын техника тартылган.

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилген. Свердлов районунда тартипти орнотуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иштер улантылары айтылды.

Scroll to Top