Эмне үчүн Афганистан-Пакистан кагылышуусу чек ара чатагынан олуттуурак

Афганистан менен Пакистан чек арасына, талаштуу Дюранд линиясында, куралдуу кагылышуулар катуу күч алды. Тараптар бири-бирин күнөөлөп, ондогон адамдын мерт кеткенин билдирүүдө. Кабул өз аракеттерин Пакистандын агрессиясына жооп катары «операция» деп атаганда, Исламабад «үчүнчү тарап тарабынан козутулган эмес чабуул» деп билдирет. Бирок эксперттердин баамында, бул конфликт жөн гана жаңы чек ара инциденти эмес, ал чоң масштабдагы геосаясий окуялардын бир бутагы болуп эсептелет жана Борбор Азиянын туруктуулугуна түздөн-түз коркунуч келтирет.

Кагылышуунун хроникасы: бири-бирине сокку жана айыптоолор
Эл аралык басылмалардын маалыматына караганда, «Талибан» өкмөтү бир нече тоо аймактарында пакистан аскерлерине сокку урулганын тастыктаган. Кабул бул аракеттерди Пакистан Афган аба мейкиндигин бузуп, анын аймагындагы базарларды бомбалоого жооп катары көргөнүн билдирген.
Пакистан ички иштер министри Мохсин Накви Афган тараптын чабуулун «козутулган эмес» деп атап, тынч калкка ок аткан деп айыптап, катуу жооп берерин убада кылган.
Маалыматтарга ылайык, тараптар курал жана артиллерия колдонушкан. Кагылышуулар Куррам, Ангур-Ада, Баджаур жана Читрал сыяктуу бир нече чек ара аймактарын камтыган. «Анадолу» агенттигинин маалыматы боюнча, Афган өкмөтүнүн расмий өкүлү Забихулла Муджахид пакистан тараптан 58 аскер өлгөнүн жана 30у жаракат алганын билдирген. Афган тараптан, анын айтымында, 20дан ашык адам каза болгон.
Конфликттин артындагы геосаясий оюн
Бул кескин чыңалуунун артында эмне жатат? Профессионал саясат таануучу Марс Сариев биздин басылмага өз оюн бөлүштү. Анын пикиринде, Дюранд линиясындагы куралдуу чыр — кокустан эмес.
Чыңалуунун борборун жылдыруу
«Жакынкы Чыгышта, айрыкча Газада, абал туруктуу болуп баштаганда, постсоветтик Борбор Азия чек араларында жаңы чыңалуу очогу пайда болду. Бул кокустан эмес, ал кеңири геосаясий оюндун бир бөлүгү», — дейт эксперт.

Анын айтымында, бул окуяга чейин тышкы күчтөр Индия менен Пакистан ортосунда чоң кризис жаратууга аракет кылышкан.
«Глобалдык структуралар Түштүк Азияны кокустурууга аракет кылышкан, бирок эки өлкөнүн лидерлери бул аракеттерди түшүнүп, контролдоого алынган конфликт сценарийине кирүүгө жол бербешкен. Максат ачык эле — Пакистанды америкалыктар менен Ирандын каршылыгында Иранды колдоодон алдоо», — деп түшүндүрөт Марс Сариев.
Афганистан — жаңы максат
Эксперттин баамында, Түштүк Азия сценарийи ишке ашпай калгандан кийин чыңалуунун эпицентри максаттуу түрдө Афган чек арасына жылдырылган.
«Жаңы куралдуу чыр — тышкы оюнчулардын Пакистан атайын кызматтарындагы көзөмөлдөгөн структураларды колдонуу менен жасаган аракеттеринин натыйжасы. Башкы максат — Афганистанды дестабилдештирүү, ички калыбына келтирүү процессин бузуу жана регионду кайрадан каршылык аренасына айлантуу», — деп белгилейт Марс Сариев.
Эксперт окуяларда ачык геоэкономикалык кызыкчылыктар бар экенин да белгилейт.
«Бул контекстте Дональд Трамптын Баграм аскер базасына АКШнын кайтып келүү ниети тууралуу акыркы билдирүүсү көрүнүктүү. Максат — Афганистандагы кытайлык долбоорлорду, айрыкча «Бир алкак — бир жол» демилгесин токтотуу жана Кытайдын Афганстандын сейрек кездешүүчү ресурстарына жетүүсүн бөгөт коюу», — деп талдайт Марс Сариев.
Борбор Азия үчүн коркунуч
Афганистандын дестабилизациясы жөн гана кытайлык экономикалык катышуу эмес, ал Борбор Азия мамлекеттеринин кызыкчылыгына түздөн-түз таасир этет.
«Бул менен бирге Өзбекстан активдүү жылдыруудаган трансафган темир жолу долбоору жана аймактык транспорттук интеграция логикасы коркунучка туш болот», — деп баса белгилейт эксперт.
Марс Сариевдин жыйынтыгы түйшүктүү: Дюранд линиясындагы чыңалуу — бул эки кошуна мамлекеттин локалдык маселеси эмес, бүт регион үчүн олуттуу соккуну алдын ала эскертип турат.
«Биз чек аралардын жанына олуттуу окуялардын капталында турабыз. Эгер хаос сценарийи ишке ашса, Борбор Азия контролдоого алынган туруктсуздук аймагына кирип, постсоветтик өлкөлөрдүн маанилүү кызыкчылыктарын түздөн-түз коркунучка салат», — деп жыйынтыктады эксперт.